Том 17, № 3, 2025 / Барактар 38-44

Бишкек шаарынын саркынды сууларынан бөлүнүп алынган бактериялардын антибиотиктерге сезимталдуулугун аныктоо (2025-жылдын апрель – июнь айлары)

Кабыл алынган убакыт 31.03.2025
Түзөтүлгөн 28.08.2025
Кабыл алынган 22.10.2025

Аннотация

Бул изилдөөнүн максаты – Бишкек шаарынын саркынды сууларындагы микробиологиялык булганууну комплекстүү баалоо жана бөлүнүп чыккан микроорганизмдердин антибиотиктерге туруктуулугун аныктоо болгон. 2025-жылдын апрелинен июнуна чейин шаар боюнча беш көзөмөл пунктунда изилдөө жүргүзүлдү. Алардын катарына жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) саркынды сууларды төгүү жери, шаар аймагындагы Большой Чүй каналынын (БЧК) бир нече участогу жана тазалоочу курулмалар кирди. Жалпы жонунан 15 суу үлгүсү алынган жана алар титрация ыкмасы менен, Европалык комитеттин антимикробдук дары каражаттарына сезимталдыкты аныктоо боюнча (EUCAST) стандарттарына ылайык изилденген. Бактериологиялык анализдин натыйжасында шарттуу патогендик микрофлоранын өкүлдөрү – Escherichia coli, Proteus mirabilis жана Enterobacter aerogenes аныкталды. Бардык бөлүнүп чыккан штаммдар изилденген антибиотиктерге, анын ичинде ципрофлоксацинге, цефтриаксондун, имипенемдин жана амоксициллин/клавулан кислотасынын айкалышына сезимталдык көрсөткөн. Эң жогорку микробдук булгануу деңгээли ЖЭБден чыккан саркынды суулар аймагында байкалган, бул, балким, органикалык заттардын көптүгү жана температуранын таасири менен байланыштуу. Бактериялардын туруктуу формалары табылган жок, бирок изилдөөнүн жыйынтыктары температуранын жогорулашы жана гидрологиялык режимдин өзгөрүшү сыяктуу климаттык факторлордун таасири астында антибиотиктерге туруктуулук жаралуу коркунучу бар экенин көрсөтөт. Изилдөө Бишкек шаарындагы суу объектилерин үзгүлтүксүз микробиологиялык жана климаттык мониторингден өткөрүүнүн, саркынды сууларды көзөмөлдөө тутумун өркүндөтүүнүн жана климаттын өзгөрүшү шартында туруктуу микроорганизмдердин жайылышын алдын алуу боюнча профилактикалык чараларды иштеп чыгуунун зарылдыгын белгилейт

Негизги сөздөр

стоок суу; микробиологиялык анализ; антибиотикке сезгичтик; Escherichia coli; суу коопсуздугу; климат; Бишкек

Цитаталоо

APA Style
Asharlieva, D., Nurgazieva, A., Niyazbekova, E. & Turgunbaeva, Z. (2025). Determination of antibiotic susceptibility of bacteria isolated from wastewater in the city of Bishkek (April – June 2025). Eurasian Health Journal, 17(3), 38-44. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-3-38
Copied!
Vancouver Style
Asharlieva, D., Nurgazieva, A., Niyazbekova, E., Turgunbaeva, Z.. Determination of antibiotic susceptibility of bacteria isolated from wastewater in the city of Bishkek (April – June 2025). Eurasian Health J. 2025;17(3):38-44. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-3-38
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар