Аннотация
Жасалма интеллект саламаттыкты сактоо чөйрөсүн тез өзгөртүп жаткан жаңы технология болуп саналат. Машиналык окутуу жана нейрон тармактарынын технологияларын киргизүү диагностиканын тактыгын жогорулатууга, дарылоону жекелештирүүгө жана медициналык мекемелердеги процесстерди оптималдаштырууга мүмкүндүк берет. Мындай шартта жасалма интеллектин мүмкүнчүлүктөрүн, чакырыктарын жана келечегин системалуу талдоо улуттук саламаттыкты сактоонун натыйжалуу өнүгүү стратегиясын түзүү үчүн өтө маанилүү. Бул макаланын максаты – заманбап медициналык практикада жасалма интеллекттин ролун аналитикалык жактан баалоо жана анын Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо системасында эң натыйжалуу жана коопсуз колдонуу багыттарын аныктоо. Изилдөө эл аралык жана ата мекендик илимий булактарды максаттуу аналитикалык карап чыгуу жана алынган маалыматтарды тематикалык системалаштыруу форматында жүргүзүлдү. Жыйынтыгында, клиникалык практикада жасалма интеллекти ишке ашыруунун негизги багыттары системалаштырылды: визуалдык медициналык маалыматтарды автоматташтырылган талдоо (диагностика), жекелештирилген терапияны колдоо, ооруларды болжолдоо, роботтук хирургия жана башкарууну оптималдаштыруу. Ошол эле учурда жасалма интеллектин кеңири интеграциясына тоскоол болгон негизги факторлор каралды: алгоритмдердин жетиштүү түшүндүрүлбөстүгү, маалыматтардын сапатынын чектелиши жана этикалык-укуктук талаптарды сактоо зарылдыгы. Жыйынтыктар. Анализдин негизинде Кыргыз Республикасынын шарттарында жасалма интеллекти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары аныкталат: саламаттыкты сактоонун санариптик инфраструктурасын бекемдөө, кадрдык потенциалды күчтөндүрүү жана алгоритмдердин коопсуздугун камсыздоочу регулятордук механизмдерди өркүндөтүү
Негизги сөздөр
жасалма интеллект; машиналык окутуу; диагностика; жекелештирилген медицина; жасалма интеллект этикасы; бейтап; дарыгер; медицина; Кыргызстандагы саламаттыкты сактооЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар