Аннотация
2020-2035-жылдарга карата Кургак учукту жоюу боюнча БДСС уюму максаттарды койгон: 2035-жылга чейин оору курсу жана өлүм-житимди (90% жана 95%) кыскартуу. Кээ бир изилдөөлөрдүн талдоосуна ылайык, туберкулезду жапа чеккен адамдардын 61,53%ында анемия аныкталган. Кыргыз Республикасында темир жетишсиздигине жана В12 жетишсиздигине байланыштуу анемиялар, ошондой эле өнөкөт ооруларга байланыштуу анемиялар кеңири тараган. Анемиялык синдром жашоо сапатын төмөндөтүп, оорулуулукту жана өлүмдү жогорулатат. Анемияга каршы тамактануунун жана медициналык кийлигишүүлөрдүн максаттуу стратегиялары иммундук жөндөмдүүлүктү жогорулатып, кургак учук менен дарылоонун натыйжаларын жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзөт. Анемиялардын кургак учукка таасири, ооруган адамдарда анемияларды аныктоо жана тескерисинче, анемиясы бар адамдарда кургак учукту аныктоо маселелерине токтогон адабияттык обзорлорду изилдөө максаты болуп саналат. Соңку 5-6 жылда PubMed жана ScienceDirect маалымат базаларында жарыяланган, анемиянын кургак учуктан дарылануусуна болгон таасирин, түрлөрүн жана жайылуусун изилдеген байкоо изилдөөлөрү жүргүзүлдү. Анемиянын этиологиясын аныктоо жана түшүнүү эффективдүү профилактикалык стратегияларды иштеп чыгууда чечүүчү мааниге ээ. Анемиянын эрте алдын алуу боюнча комплекстүү мамиле саламаттык сактоо, билим берүү жана коомдук секторлордун кызматташуусун талап кылат. Кургак учук жана анемиялардын айкалышы, анемиянын жана кургак учуктан дарылануусунун ийгилигинде өтө маанилүү роль ойнойт. Бул оорулардын эффективдүү башкарылышы, келечектеги изилдөөлөр аркылуу, анемия менен кургак учуктун айкалышкан дарылануусунун, диагностикалык жана терапевтикалык стратегияларын оптималдаштырууга алып келет
Негизги сөздөр
кургак учук; аз кандуулук; кургак учукка каршы химиотерапия; өнөкөт сезгенүү аз кандуулук; темир жетишсиздик анемиясы; гемоглобинЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар