Аннотация
Дүйнөлүк адабиятта баш-сөөк ичиндеги шишиктер арасында менингиомалардын таралуусу боюнча бир кылдуу эмес маалыматтар келтирилген. Бир катар изилдөөлөрдө башсөө ичиндеги көп учуроочу жаңы өсүмдөр катары менингиомалар, глиомалар же метастатикалык жабыркоолор көрсөтүлгөн. Бул эмгекте баш-сөөк ичиндеги жаңы өсүмдөрдү дарылоо боюнча биздин мекеменин тажрыйбасы келтирилген, ошондой эле алынган натыйжалардын адабиятта жарык көргөн маалыматтар менен салыштыруу жүргүзүлгөн. Изилдөөнүн максаты – Кыргыз Республикасында баш-сөөк ичиндеги жаңы өсүмдөрдүн арасында менингиомалардын салыштырма жыштыгына баа берүү. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын нейрохирургия клиникасында 12 ай аралыгында дарыланган 151 бейтаптын ретроспективдүү талдоосу өткөрүлгөн. Бул изилдөөгө баш-сөөк ичиндеги жаңы өсүмдөрү гистологиялык жол менен тастыкталган бейтаптар киргизилген. Авторлор менигиомалары бар бейтаптардын диагностикасы, дарылоонун жеке тажрыйбасы жана акыбетке жасалган талдоо келтирилген. Андан сырткары, операциядан соңку сыркоолоо жана өлүмгө учуроого, ошондой эле кайта шишиктин өсүүсүнө баа берилген. Менингиомалардын гистологиялык залалсыздык мүнөзүн эске алуу менен, дарылоонун ийгилиги көп учурда операциядан кийинки мөөнөттүн өзгөчөлүктөрү менен шартталат. Маанилүү көңүл бейтаптарга операциядан соң адекваттуу байкоо жүргүзүүгө бурулат. Эң көп учуроочу шишиктердин гистологиялык типтери болуп менингиомалар, глиомалар жана гипофиз шишиктери аныкталды. Изилдөөдө байкоо мөөнөтүндө гистологиялык ыкма менен 48 (31,8 %) бейтапта менингиома, 35 (23,2 %) бейтапта – гипофиз аденомасы, 32 (21,2 %) бейтапта глиомалар аныкталган. Бейтаптардын орточо курагы 43 жашты түздү, эркек жана аялдар катнашы 1,3:1 болду. Кайрылуулардын эң көбү өмүрдүн бешинчи (27,1 %) жана алтынчы (26,5 %) он жылдыгына туура келди. Максималдуу курактык диапазон 41-50 жаш жана 51-60 жаш тайпаларында аныкталган, бул бейтаптардын 27,1 % жана 26,5 % түзгөн, жана өмүрдүн бешинчи жана алтынчы он жылдыктарына туура келген. Жаш курагы өскөн сайын баш мээ шишиктеринин жогорку жайылуусу аялдарга туура келет, ошол эле учурда эркектер арасындагы жогорку жайылуу жаш балдар менен кенже курактарына дал келет.Алынган натыйжалар Кыргыз Республикасында баш-сөөк ичиндеги жаңы өсүмдөрдүн арасында менингиомалар эң таралган шишик түрү экенине күбөлөндүрдү
Негизги сөздөр
менингиома; баш-сөөк ичиндеги жаңы өсүмдөр; жайылуу; эпидемиологияЦитаталоо
Колдонулган булактар
- Bondy M, Ligon BL. Epidemiology and etiology of intracranial meningiomas: A review. J Neurooncol. 1996;29(3):197–205. DOI: 10.1007/BF00165649
- Louis DN, Ohgaki H, Wiestler OD, Cavenee WK, Burger PC, Jouvet A, et al. The 2007 WHO classification of tumours of the central nervous system. Acta Neuropathol. 2007;114(2):97–109. DOI: 10.1007/s00401-007-0243-4
- Yrysov KB, Arstanbekov NA, Mamytov MM, Akmataliev A, Turganbaev B, Vityala Y. Postoperative complications in patients with intracranial meningiomas who underwent surgery. Biomedicine. 2023;43(3):1023–6. DOI: 10.51248/.v43i3.2886
- Mirimanoff RO, Dosoretz DE, Linggood RM, Ojemann RG, Martuza RL. Meningioma: Analysis of recurrence and progression following neurosurgical resection. J Neurosurg. 1985;62(1):18–24. DOI: 10.3171/ jns.1985.62.1.0018
- Marks SM, Whitwell HL, Lye RH. Recurrence of meningiomas after operation. Surg Neurol. 1986;25(5):436–40. DOI: 10.1016/0090-3019(86)90081-9
- Lemée JM, Corniola MV, Meling TR. Benefits of re-do surgery for recurrent intracranial meningiomas. Sci Rep. 2020;10(1):303. DOI: 10.1038/s41598-019-57254-5
- Leistner T, Terrapon APR, Hostettler IC, Bozinov O, Zeitlberger AM, Neidert MC. Adverse events in meningioma surgery classified using the therapy-disability-neurology (TDN) grading system. J Neurooncol. 2025;176(2):125. DOI: 10.1007/s11060-025-05312-6
- Corell A, Thurin E, Skoglund T, Farahmand D, Henriksson R, Rydenhag B, Gulati S, et al. Neurosurgical treatment and outcome patterns of meningioma in Sweden: A nationwide registry-based study. Acta Neurochir. 2019;161(2):333–41. DOI: 10.1007/s00701-019-03799-3
- Ostrom QT, Cioffi G, Gittleman H, Patil N, Waite K, Kruchko C, et al. CBTRUS statistical report: Primary brain and other central nervous system tumors diagnosed in the United States in 2012-2016. Neuro Oncol. 2019;21(5):1–100. DOI: 10.1093/neuonc/noz150
- Duba M, Mrlian A, Rošková I, Smrčka M, Fadrus P, Duba J, et al. Neurosurgical treatment and outcome patterns in patients with meningioma in South Moravian region – a population-based study. Neurol Sci. 2024;45(5):2311–9. DOI: 10.1007/s10072-023-07244-3
- Oya S, Ikawa F, Ichihara N, Wanibuchi M, Akiyama Y, Nakatomi H, et al. Nation-wide brain tumor registry-based study of intracranial meningioma in Japan: Analysis of surgery-related risks. Neurol Med Chir. 2021;61(2):98– 106. DOI: 10.2176/nmc.oa.2020-0304
- Lin MC, Li CZ, Hsieh CC, Hong KY, Lin BJ, Lin C, et al. Preoperative grading of intracranial meningioma by magnetic resonance spectroscopy (1H-MRS). PLoS One. 2018;13(11):e0207612. DOI: 10.1371/journal. pone.0207612
- Sackett DL, Rosenberg WM, Gray JA, Haynes RB, Richardson WS. Evidence based medicine: What it is and what it isn’t. BMJ. 1996;312(7023):71–2. DOI: 10.1136/bmj.312.7023.71
- Rogers L, Zhang P, Vogelbaum MA, Perry A, Ashby LS, Modi JM, et al. Intermediate-risk meningioma: Initial outcomes from NRG Oncology RTOG 0539. J Neurosurg. 2018;129(1):35–47. DOI: 10.3171/2016.11. JNS161170
- Scheichel F, Popadic B, Kitzwoegerer M, Ungersboeck K, Marhold F. Fluorescence-guided resection in bone and soft tissue infiltrating meningiomas. Acta Neurochir. 2020;162(3):605–11. DOI: 10.1007/s00701-019-04179-7
- Wadiura LI, Millesi M, Makolli J, Wais J, Kiesel B, Mischkulnig M, et al. High diagnostic accuracy of visible 5-ALA fluorescence in meningioma surgery according to histopathological analysis of tumor bulk and peritumoral tissue. Lasers Surg Med. 2021;53(3):300–8. DOI: 10.1002/lsm.23294
- Dincer A, Morales-Valero SF, Robert SM, Tabor JK, O’Brien J, Yalcin K, et al. Surgical strategies for intracranial meningioma in the molecular era. J Neurooncol. 2023;162(2):253–65. DOI: 10.1007/s11060-023-04272-z
- Brastianos PK, Galanis E, Butowski N, Chan JW, Dunn IF, Goldbrunner R, et al. Advances in multidisciplinary therapy for meningiomas. Neuro Oncol. 2019;21(1):18–31. DOI: 10.1093/neuonc/noy136
- Gousias K, Schramm J, Simon M. The Simpson grading revisited: Aggressive surgery and its place in modern meningioma management. J Neurosurg. 2016;125(3):551–60. DOI: 10.3171/2015.9.JNS15754
- Nanda A, Bir SC, Maiti TK, Konar SK, Missios S, Guthikonda B. Relevance of Simpson grading system and recurrence-free survival after surgery for World Health Organization Grade I meningioma. J Neurosurg. 2017;126(1):201–11. DOI: 10.3171/2016.1.JNS151842