Аннотация
Изилдөөнүн максаты – кызыл өңгөчтүн тырыктык тарылышы бар бейтаптардын клиникалык-демографиялык өзгөчөлүктөрүн стационардык дарылоодон өткөн бейтаптардын маалыматтарынын негизинде баалоо. Ретроспективдүү бир борборлуу сүрөттөмө изилдөө жүргүзүлүп, ага клиникалык жана инструменталдык ыкмалар менен тастыкталган кызыл өңгөчтүн тырыктык тарылышы бар 153 бейтап киргизилди. Диагноз клиникалык белгилердин негизинде коюлуп, эзофагогастродуоденоскопия жана контрасттык рентгенография аркылуу тастыкталды. Изилдөөдө жынысы жана жаш курагы сыяктуу демографиялык көрсөткүчтөр, ошондой эле дисфагиянын даражасы, тарылыштын локализациясы, этиологиялык факторлор жана нутритивдик абал анализделди. Статистикалык иштетүү сүрөттөмө статистика ыкмалары менен жүргүзүлдү. Изилдөөгө киргизилген бейтаптардын арасында аялдар басымдуулук кылып, алардын үлүшү 64,1% (n=98), эркектер – 35,9% (n=55) түздү. Жаш курак 45 тен 87 жашка чейин өзгөрүп, негизинен улгайган жана карылык курактагы бейтаптар басымдуулук кылды. Бардык бейтаптарда толук дисфагия (IV даража) байкалган, бул кызыл өңгөч аркылуу тамактын өтүшүнүн олуттуу бузулушун көрсөтөт. Локализация боюнча, 80,0% учурда тарылыш кызыл өңгөчтүн жогорку бөлүгүндө, ал эми 20,0% учурда орто бөлүгүндө жайгашкан. Этиологиялык түзүмдө химиялык күйүктөр негизги себеп болуп саналган: 38,0% учурда уксус кислотасы, ал эми 62,0% учурда щелочтук заттар себеп болгон. Нутритивдик абалды баалоодо бардык бейтаптарда жетишсиз тамактануу белгилери аныкталып, дене салмагынын индекси 16-21 кг/м² чегинде болгон. Кызыл өңгөчтүн тырыктык тарылышы бар бейтаптар оор клиникалык жүрүшү, толук дисфагия, жогорку бөлүктөгү жабыркоо жана айкын нутритивдик жетишсиздик менен мүнөздөлөт. Оорунун негизги себеби катары химиялык күйүктөрдүн, айрыкча щелочтук заттардын ролу чоң. Алынган жыйынтыктар бейтаптарды дарылоонун тактикасын жакшыртууда жана операцияга чейинки даярдоону оптималдаштырууда маанилүү
Негизги сөздөр
күйүктөн кийинки жабыркоолор; дисфагиялык синдром; химиялык жабыркоо; нутритивдик жетишсиздик; дене салмагынын индекси; эзофагоскопия; контрасттык рентгенографияЦитаталоо
Колдонулган булактар
- Katz PO, Dunbar KB, Schnoll-Sussman FH, Greer KB, Yadlapati R, Spechler SJ. ACG clinical guideline for the diagnosis and management of gastroesophageal reflux disease. Am J Gastroenterol. 2022;117(1):27–56. DOI: 10.14309/ajg.0000000000001538
- Spaander MCW, van der Bogt RD, Baron TH, Albers D, Blero D, de Ceglie A, et al. Esophageal stenting for benign and malignant disease: ESGE guideline – update 2021. Endoscopy. 2021;53(7):751–62. DOI: 10.1055/a-1475-0063
- van Boeckel PGA, Siersema PD. Refractory esophageal strictures: What to do when dilation fails. Curr Gastroenterol Rep. 2015;13:47–58. DOI: 10.1007/s11938-014-0043-6
- Boregowda U. Endoscopic management of benign recalcitrant esophageal strictures. Ann Gastroenterol. 2021;34(3):1–13. DOI: 10.20524/aog.2021.0585
- Adler DG. Endoscopic therapy for refractory benign esophageal strictures. Pract Gastroenterol. 2024;48(6):22–30.
- Ren K, Zhang Y, Ren J. Clinical outcomes of drug-coated balloon dilation for benign esophageal strictures. BMC Gastroenterol. 2024;24:340. DOI: 10.1186/s12876-024-03441-2
- Singh AK, Singh A, Kochhar R, Manrai M. Esophageal strictures: Management beyond dilation. World J Gastrointest Endosc. 2025;17(11):110024. DOI: 10.4253/wjge.v17.i11.110024
- World Medical Association. Declaration of Helsinki: Ethical principles for medical research involving human subjects. JAMA. 2013;310(20):2191–4. DOI: 10.1001/jama.2013.281053
- Norton BC, Papaefthymiou A, Aslam N, Telese A, Murray C, Murino A, et al. The endoscopic management of oesophageal strictures. Best Pract Res Clin Gastroenterol. 2024;69:101899. DOI: 10.1016/j.bpg.2024.101899
- Pih GY, Kim DH, Na HK, Ahn JY, Lee JH, Jung KW, et al. Comparison of the efficacy and safety of endoscopic incisional therapy and balloon dilatation for esophageal anastomotic stricture. J Gastrointest Surg. 2021;25(7):1690–5. DOI: 10.1007/s11605-020-04811-3
- Kochman ML, McClave SA, Boyce HW. The refractory and the recurrent esophageal stricture: A definition. Gastrointest Endosc. 2005;62(3):474–5.
- Luedtke P, Levine MS, Rubesin SE, Weinstein DS, Laufer I. Radiologic diagnosis of benign esophageal strictures: A pattern approach. Radiographics. 2003;23(4):897–909. DOI: 10.1148/rg.234025717
- Ferguson DD. Evaluation and management of benign esophageal strictures. Dis Esophagus. 2005;18(6):359–64. DOI: 10.1111/j.1442-2050.2005.00516.x
- De Lusong MAA, Timbol ABG, Tuazon DJS. Management of esophageal caustic injury. World J Gastrointest Pharmacol Ther. 2017;8(2):90–8. DOI: 10.4292/wjgpt.v8.i2.90
- Ramasamy K, Gumaste VV. Corrosive ingestion in adults. J Clin Gastroenterol. 2003;37(2):119-24. DOI: 10.1097/MCG.0000000000001395
- Chirica M, Bonavina L, Kelly MD, Sarfati E, Cattan P. Caustic ingestion. Lancet. 2017;389(10083):2041–52.
- Aiolfi A, Asti E, Bonitta G, Siboni S, Bonavina L. Esophageal resection for end-stage achalasia. Am Surg. 2018;84(4):506–11. DOI: 10.1177/000313481808400422
- Xiao T, Zhang Y, Bao Y, Qiu H, Sun S, Guo J. Advances in the diagnosis and treatment of achalasia of the cardia: A review. J Transl Intern Med. 2021;9(1):24–31. DOI: 10.2478/jtim-2021-0009
- Baron TH. Management of benign esophageal strictures. Gastroenterol Hepatol. 2011;7(1):46–9.
- Everett SM. Endoscopic management of refractory benign oesophageal strictures. Ther Adv Gastrointest Endosc. 2019;12:2631774519862134. DOI: 10.1177/2631774519862134
- Spechler SJ, Souza RF. Barrett’s esophagus. N Engl J Med. 2014;371(9):836–45. DOI: 10.1056/NEJMra1314704